Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-сентябрь
68.46    82.06    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Жаш талант: 18 жаштагы Г.Темикеева капаланганда поэзия дүйнөсүн аралайт (фото)

Turmush -  Ат-Башы районундагы Кызыл-Туу айылынын 18 жаштагы тургуну Гүлнур Темикеева 11 жашынан бери ыр жазып, кол өнөрчүлүк менен алектенет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, үй-бүлөсүнөн эч ким ыр жазбайт.

«Мен 7 жылдан бери кайгырып-капаланганда, китеп окуганда, тасма көрүп, андан таасир алганда ыр жазам. Көбүнчө эне жана сүйүү темасындагы чыгармаларды жаратам. Мектептеги бардык мугалимдерге ыр жазып, белек катары бергем. Мындан сырткары, майрам күндөрү кыздардын чачын ар түрдүү кылып жасалгалап берем. Ошондой эле, кол өнөрчүлүк менен да алектенип, сайма сайып, курактарды курап, түймө түйөм. Мектеп ичиндеги кароо-сынактарга катышып турам. Келечекте элдин көйгөйүн ачыкка чыгарган журналист болгум келет», - деди ал.

Г.Темикеева үй-бүлөдө 4 бир туугандын экинчиси. Аталган айылдагы К.Керималиев атындагы орто мектебинде 11-класста окуйт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1020
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу