При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июль
68.85    80.21    1.17    KZT 0.21

Кочкордо бычактан каза болгон окуучунун ата-энеси соттон адилеттүү чечим күтөт (видео)

Turmush -  Кочкордо окуучулардын урушунан каза болгон өспүрүмдүн ата-энеси уулуна байланыштуу жүрүп жаткан соттук териштирүүлөр ачык-айкын жана адилеттүү болот деп ишенишет. Алар мындай пикирин Turmush басылмасынын кабарчысына билдиришти.

Өздөрүнүн айтымында, классташынын өлүмүнө шектүү окуучунун жакындары коомчулукка далилсиз маалыматтарды таратып жатат.

«Уулум К.А.нын колунан бычак жеп каза тапкан. Азыркы тапта бул окуя боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат. Биз тергөөнүн жана соттун жыйынтыгын күтүп жатабыз. Ал эми, К.А.нын энеси жана анын жактоочусу бир катар далилсиз маалыматтарды берип жатышат. Колунда бар адамдар ушинтип ар кандай маалымат берсе боло береби? Алар бир катар жалааларды жаабышууда. Каза болгон баланы да жөн жаткырбай, минтип каралай бергени адамкерчиликке жатпайт. Биздин балабыз эч качан 250 сом же велосипед тартып алган эмес. К.А.ны энеси, туугандары кандай коргошсо, биз дагы уулубузду ошентип коргойбуз. Алардан бизге эч нерсенин кереги жок. Бир гана адилеттүү чечим күтөбүз», - деди алар.

 

Кечээ, 4-майда Кочкордогу классташынын өлүмүнө айыпталып жаткан К.А.нын жакындары АКИpress агенттигине маалымат жыйын өткөрүштү. Алар кылмышка шектүү деп кармалган окуучунун иши акыйкат каралбай жатканын айтышкан.

1381014.1.1493886704

Окуя ушул жылы 20-январга караган түнү Кочкор айылында болгонун Turmush басылмасы маалымдаган. Алдын ала маалымат боюнча, Капар Кыдыралиев атындагы орто мектептеги 10-класстын 3-4 окуучусу параллель класстагы окуучунун үйүнө барып, аны сыртка чакырып алып сабашкан. Таяк жеп жаткан бала өзүн коргоо үчүн 2 классташын учтуу буюм менен сайган. Анын кесепетинен оор жаракат алган окуучулардын бири каза болуп, экинчиси райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.

Аталган мектептин директору Т.Исаевдин билдирүүсүнө караганда, 2015-2016-окуу жылында 9-б классты 23 окуучу бүтүргөн. Алардын тогузу Бишкек шаарындагы окуу жайлардан билим алып жатышат.

2016-2017-окуу жылында 10-б класска 14 бала катталып, 3 окуучу башка мектептерге которулуп кеткен.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 967
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу