Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Нарын

Жумгалда жылкы качыр тууду (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районундагы Кызарт айылынын тургуну Жаанбай Корчуевдин короосундагы жылкы качыр тууду. Бул тууралуу айыл тургундары аймактык кабарчыга билдиришти.

Алардын маалыматына караганда, мындан 2-3 күн мурун туулган качырды бээ алгач жээриген эмес. Бирок, болгону бир жолу эмизип, андан кийин карабай койгон. Көп өтпөй мал ээси кардар таап, ал качырды сатканы белгилүү болду.

«Биз бээнин качыр тууганын кездештирген эмеспиз. Айылда ушундай кызык окуя болду. Бирок, жаңы туулган качырды сатып жиберишти», - деди тургундар.

Качыр (латынча mulus) – жылкы менен эшекти аргындаштыруудан алынган үй жаныбары. Ал көп жыл жашап, тукум бербейт жана тоютту өзү таап жейт. Өңү негизинен өзүн тууган бээге окшош болот. Адатта качыр күч унаа катары пайдаланылат.

FB_IMG_1493975003687

FB_IMG_1493975001552

FB_IMG_1493975003687-1

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 38119
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×