Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Айыл турмушу: 53 жаштагы Б.Кучкачов бир саатта 10 койдун жүнүн кыркып, жердештерине мыкты кызмат көрсөтөт (фото)

Turmush -  Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылынын 53 жаштагы тургуну Бейшенкул Кучкачов бир сааттын ичинде 10 койдун жүнүн кыркып, жердештерине мыкты кызмат көрсөтүп келүүдө. Аны менен аймактык кабарчы таанышып келди.

Б.Кучкачов элет жеринде эмгек кылып, адал иш, маңдай тери менен каражат таап, үй-бүлөсүн эч нерседен кем кылбай багып келе жатат. Ал союз учурунда 3 жыл койдун жүнүн кыркып иштеген. Былтыр Чүй облусуна чейин барып, 1 миңге чукул кой кыркканга жетишкен.

«Өзүмдүн менчик кой кырккан машинкам бар. Аны менен бир койду 35 сомдон кыркам. Былтыр жайыт комитетине 5 машинка келген. Аны дагы мага беришкен. Үч адамды жумушка алдым. Алар дагы койдун жүнүн мыкты кыркышат. Быйыл эл жайлоодон кырктырабыз деп жатышат. Кудай буйруса жакынкы аралыкта баштайбыз», - деди Б.Кучкачов.

Союз учурунда 8 жыл чабан болуп үзүрлүү иштеген Бейшенкул байке кой кыркуу учурундагы окуялардын бирин айтып берди.

«Былтыр Кеминде койдун жүнүн кыркып жүрөм. Жаныма дайыма ийне-жип жана йод тундурмасын алып алам. Кыркып жаткан учурда кой тыбырчылап, машинка анын жоон тамырын кесип кетти. Ийне-жип менен тамырын тигип, йоддон куюп, агып жаткан канын токтотуп койдум. Мал ээси таң калып, "сиз мал доктур дагы боло алат турбайсызбы" деген», - деди ал.

Б.Кучкачовдун 4 кызы, 2 уулу бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 956
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу