При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 27-май
67.95    76.39    1.21    KZT 0.22

Ат-Башыдагы «Камкор» ишканасын оңдоп-түзөөгө жана техникага 220 миң доллар керектелет (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ат-башы районундагы «Камкор» кирпич заводунун эскилиги жеткендигине байланыштуу оңдоп-түздөө иштерине жана техникага жалпы 220 миң доллардын тегерегинде каражат керек. Бул тууралуу банк кызматкерлери менен жеке ишкерлердин жолугушуусунда аталган заводдун жетекчиси Шейшенбай Батырканов билдирди.

Анын айтымында, кирпич завод СССР маалында дүркүрөп өсүп, өндүрүмү жогору болгон.

«Кирпич завод райондогу чоң ишканалардын бири болуп эсептелинет. Ишкана СССР маалында өндүрүшү аябай чоң көлөмдө болуп, бир топ адамдарды жумуш менен камсыз кылып келген. Бүгүнкү күндө заводдун эскилиги жети, техникалык шаймандарын, мешин алмаштырууга, заманбап үлгүдө жасоого муктаж. Жалпы реконструкциялоо ишине 100 миң доллар, ал эми техникалык жабдыкка 120 миң доллар каражат керектелүүдө. Азыркы учурда дагы кирпичке суроо талап көп болгондуктан ишкананы жаңыртууга долбоор жазып, үстөк пайызы аз болгон насыяны алуу чечимине келгенбиз», - деди Ш.Батырканов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 333
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×