При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июль
68.85    80.21    1.17    KZT 0.21

Ак үйдүн алдына классташынын өлүмүнө шектүү окуучунун жакындары тынчтык митингге чыгышат

Turmush -  Эртең, 4-майда Бишкектеги Ак үйдүн алдына Кочкордогу окуучунун өлүмүнө айыпталып жаткан К.А.нын жакындары тынчтык митингге чыгышат, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, алар кылмышка шектүү деп кармалган окуучунун иши акыйкат каралбай жатканын айтышууда. Ошондой эле, Нарын ОИИБ тарабынан тергөө амалдары толук жүрбөй, кээ бир иш кагаздары, экспертизалардын жыйынтыктары эске алынбай жатканына нааразы.

Окуя ушул жылы 20-январга караган түнү Кочкор айылында болгонун Turmush басылмасы маалымдаган. Алдын ала маалымат боюнча, Капар Кыдыралиев атындагы орто мектептеги 10-класстын 3-4 окуучусу параллель класстагы окуучунун үйүнө барып, аны сыртка чакырып алып сабашкан. Таяк жеп жаткан бала өзүн коргоо үчүн 2 классташын учтуу буюм менен сайган. Анын кесепетинен оор жаракат алган окуучулардын бири каза болуп, экинчиси райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.

Тема боюнча: Кочкор райондук сотунун алдына классташынын өлүмүнө шектүү окуучунун жакындары, классташтары чогулду (видео)

Кочкордогу окуучунун өлүмү боюнча классташы камакка алынды

Нарын облусунун жетекчиси мушташтан бир окуучу каза болуп, экинчиси оор жаракат алган Кочкор айылына келди

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 636
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу