Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Нарын

Айыл турмушу: Ак-талаалык Букеш апа кичүү кызынан башка 5 баласын жайлоодо төрөгөн (фото)

Turmush -  Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылында жашаган 87 жаштагы Букеш Андашова беш баласын кыштоодо төрөгөн. Анын эң кичүү алтынчы кызы гана төрөт үйүндө дарыгерлердин жардамы менен жарыкка келген. Бул тууралуу небереси Эрзат Мыктыбеков аймактык кабарчыга айтып берди.

Букеш апа согуш учурунда ачка калып, арпадан жасалган нан, сууга чыланган талкан жеген күндөрүн эскерет. Ал согуш аяктагандан кийин турмушка чыгып, 4 уулду, 2 кыздуу болгон.

«Чоң энем кичүү кызынан башка балдарын жайлоолордо, кыштоолордо төрөп, чоңойткон экен. Абышкасынан 50 жашында айрылып, балдарын өзү чоңойтуп окуткан. Балдары баары жогорку билимге ээ болуп, агартуу тармагында эмгектенишет.

Чоң энем колхоз-совхоз учурунда ар кандай жумуштарда иштеп, кийин колхоздун дүкөнүндө эмгектенген экен. Учурда чоң энемдин 4 уулу, 2 кызы, 24 небереси, 44 чөбөрөсү бар. Жакында биринчи  кыбырасын көрөт. Ден соолугу жакшы», - деди Э.Мыктыбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1379
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×