При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июль
68.85    80.21    1.17    KZT 0.21

«Мекендештер»: Стамбулда окуган Кочкорлук Ш.Нурланова дүйнөнүн төрт бурчун кыдырды (фото)

Turmush -  «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Нарын облусунун Кочкор районундагы Исакеев айылынын 26 жаштагы тургуну Шоола Нурланова.

Ал учурда Стамбулдагы 29-Май университетинде билим алып жатат.

«Кочкор районундагы Н.Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясында окуп, аны 2009-жылы аяктадым. Ошол эле жылы Бишкек гуманитардык университетинин экономика факультетине тапшырдым. Бирок кичинекей кезимде эле чет өлкөдөгү окуу жайлардын биринде окусам дечүмүн. Мындан улам, Түркияга барып университеттердин сынактарына кирип, өз күчүмдү сынап көрүүнү чечтим. Сынактардын жыйынтыгы менен Стамбулдагы 29-Май университетинин түркология факультетине бюджеттик бөлүмүнө өттүм. Бул жакта окуу абдан оор, студенттерге талап күчтүү. Түркиянын булуң-бурчтарынан эң жогорку баа алган студенттер келип окугандыктан, алар менен тең тайлашып окууга туура келет. Сабактарым эртең менен башталып кечке чейин болот.

Андан тышкары, бош убактымды да пайдалуу өткөрүүгө аракет кылам. Мисалы, күнүнө 5-7 км аралыкка чуркайм», - деди ал.

Мекендешибиз окуган окуу жай студенттерди чет өлкөдөгү эң мыкты деген университеттерге жөнөтүп турат.

«2014-жылы Англиядагы Манчестер академиясында билим алуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. Мындан тышкары, 2016-жылы университеттин студент алмашуу программасынын негизинде Американы көрүп келдим», - деди ал.

Шоола Нурланова Стамбул кооз шаар экендигин да кошумчалады.

«Стамбул абдан кооз, тарыхый жер. Бул шаарда жашоо өлкөнүн башка аймактарына салыштырмалуу кымбат. Бирок ошого карабастан көптөгөн артыкчылыктары да бар. Калкы абдан тырышчаак жана билимге өтө маани беришет. Жаңы келгенде метродо, автобуста жаш-кары дебей китеп окугандарды көрүп, таң калчумун. Бирок көп өтпөй мен да алардын катарын толуктадым десем болот», - деди мекендешибиз.

Ал үй-бүлөдө 3 бир туугандын улуусу.

«Үйдүн улуусумун, эки иним бар. 12 жашымда атам рак илдетинен улам каза болуп, апам Күлбүбү Ногойбаева бизге жакшы тарбия берип, эч нерседен кем кылбай чоңойтту», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4349
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу