Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-ноябрь
69.7    81.81    1.17    KZT 0.21
Нарын

Элдик уламыш: Чомой баатыр Кашкардан көз жумган Кемпир баланын сөөгүн этин шылып салып алып келген (фото)

Turmush -  Ак-Талаа районундагы Жаңы-Талап айылынын Ак-Терек чөлкөмүндө 18-кылымдын аяк чени 19-кылымдын башында Тайлак баатыр Цинь империясына жана Кокон хандыгынын баскынчылыгына каршы күрөшкө чыккан чоролору Чомой жана Кемпир бала баатырларга өз колу менен күмбөз курдурткан. Бул тууралуу элдик уламыштарда жана жазуучу Асанбек Стамовдун 2006-жылы жарыкка чыккан «Чомой баатыр» китебинде айтылат.

Маалым болгондой, 1946-жылы С.Абрамзон менен Абдыкалык Чоробаев Чомой жана Кемпир бала баатырлардын күмбөздөрүнө изилдөө иштерин жүргүзүшкөн. Уламыштарда Чомой баатыр менен Кемпир бала баатыр далай жортуулдарда үзөңгүлөш жүргөн, өтө жакын достордон жана Тайлак баатырдын кайраттуу чоролорунан болгону айтылат. Кемпир баатыр кетмен-төбөлүк болсо, Чомой баатыр суусамырлык болгон. Санжыраларда экөө жоокерчилик заманда Тайлак баатырга келип биригишкен деп айтылат.

Тарыхый жана элдик уламыштарга таянсак, Тайлак баатыр, Чомой жана Кемпир бала баатырлар менен бирге Цинь империясы менен каршылашкан. Кашкарда казатта жүргөндө Кемпир бала баатыр каза болгон. Досунун сөөгүн бөтөн жерге таштагысы келбеген Чомой баатыр анын сөөгүн этинен ажыратып шылып салып, Кашкардан Ак-Талаага ала келген. Сөөктү Тайлак баатыр экөөлөп жерге берип, күмбөз тургузушат. Чомой баатырдын жашы Тайлактан улуу болгону айтылат. Ошол кезде Чомой баатыр Тайлак баатырга: «Эгер, ажал жетип өлүп калсам сөөгүмдү досумдун жанына алып келип, ушуга окшош күмбөз салдырткыла», - деген аманатын калтырганы айтылат.

Чомой баатыр болжол менен 1834-жылы Суусамырдын Чар деген кыштоосунда 49 жашында каза болгон. Ошол учурда баатырдын сөөгү талашка түшөт. Ошондо Тайлак баатыр: «Чындап келгенде Чомой агамдын сөөгүнүн ээси менмин. Чомой экөөбүз эки бир туугандын балдарыбыз. Андыктан сөөк меники. Чомой агамды Курткага алып барып коём. Анткени, түпкү атабыз Куртканын сөөгү дагы ошол жакка коюлган жана Чомойдун кыйышпас досу Кемпир баатырдын жанына коём», - деген жүйөөлүү сөзү менен Чомой баатырдын сөөгүн Ак-Терек чөлкөмүнө алып барган. Аны досу Кемпир баатырдын жанынан койдуруп, ошого окшош күмбөз салдырткан.

Тайлак Рыскул уулу (Тайлар баатыр) XIX кылымдын биринчи жарымында кыргыз элинин көз карандысыздыгы үчүн күрөшкөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6453
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Элдик уламыштар
Учурда окулуп жатат
×