Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-сентябрь
68.43    81.71    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Элдик уламыш: Ак Мөөр сулуунун чоң атасы Боркокту Жанболот баатыр талаадан таап алган

Turmush -  Ак-Талаа районунан чыккан Тайлак баатырдын атасы Жанболот баатыр айтылуу сулуу Ак Мөөрдүн чоң атасы Боркокту бала кезинде таап алгандыгы тууралуу уламыш айтылып келет. Аймактык кабарчы Өмүрбек Дөлөевдин «Ак Мөөр — Ак-Талаанын айпериси» китебинде жазылган Боркок баатыр жөнүндөгү маалымат менен бөлүштү.

Маалыматка караганда, Жанболот баатыр согуштук жортуулдардын биринде атка мине албай, журтта калган 4 баланы таап алат. Алар — Чүрүм, Табылтай, Боркок ал эми төртүнчүсүнүн ысымы азыркыга чейин белгисиз. Балким 3 эркек бала, 1 кыз болушу мүмкүн деген жоромолдор айтылат. Табылган балдарды ошол жердеги уруулар багып алышат. Боркокту Жанболот баатыр, Чүрүмдү көл тараптагы уруулар, дагы бирин солто уруусу бакса, Табылтайды Талас жергесине алып кетишкен.

Боркок баатыр бала кезинде бооруна боркок тагынып жүргөндүктөн ага Боркок деген ысым берилген. Боркок баатыр бой жетип калганда түндө койлор үркүп, ал жаткан жерди каптайт. Шашып койлорго аралашып тура качат. Ошол учурда капыл-тапыл бет маңдайынан чыгып, көп койдон буйдала калган карышкырды куйругунан кармап калат. Аңгыча эл ойгонуп, карышкырды чаап өлтүрүшөт.

Эл арасындагы кепке караганда, Жанболот баатыр жортуулга чыгат. Муну уккан Боркок баатыр алардын артынан Кочкордун Сарала-Саз деген жеринен жетип барып топко кошулат. Жаш бала мерт болбосун деп Жанболот баатыр Боркокту бир жигитине кайтартып коёт. Бирок Боркок өзүн кайтарып турган жигиттин кой дегенине карабай, аны камчы менен тизеге чаап качып келип согушка аралашат. Уруш аяктап, кайра кайтып келе жатканда Боркок көп төөлөрдүн изин көрүп калат. Алардын изин кубалап барып, жүктүү төөлөргө, курал-жарактуу атчан жоокерлерге туш болот. Өзү жалгыз аларга каршы чыгып, жеңип алат. Бул учурда Жанболот баатыр Боркокту издетип жатканда 9 төөнү жүгү менен жана 1 сулуу казак кызын олжолоп келет.

Боркок баатыр эр жетип, Жанболот баатыр менен бирге көптөгөн жортуулдарга чыгат. Үйлөнүп, Адыл, Бердибек, Бай аттуу 3 уулду болгон.

Союз учурунда Агартуу министри болуп эмгектен Мукаш Базаркулов дагы Боркок баатырдын тукумунан. Боркоктун Бай аттуу уулунан Бугучу, Шадыкан, Атыкан, Маралчы, Эгемберди, Бугучудан Урум, Турум, Муса, Шүкүр, Турумдан - Жусубаалы жана Базаркул, Базаркулдан Мукаш жана Муктар, Бердибектен Калы, Нуркул, Адылдан Өмүр, Саркалча, Ажы, Төлөмүш, Каратай жана Мөөркан болгон. Мөөрканды Жантай бий Ак Мөөр деп атап алган.

Боркок баатырдын күмбөзү Атантай жана Тайлак баатырлардын күмбөзүнүн маңдайында орун алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6467
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Элдик уламыштар
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу