Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 19.10.2016 10:15

ЖАМУнун ректорлугуна 10 талапкер ат салышууда (фото, тизме)

Turmush -  Ушул жылдын 25-октябрында Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректорун шайлоо өтөт. Окуу жайдын жетекчиси болууга он талапкер катталды.

Аталган окуу жайдын окумуштуу катчысы Роза Нусупованын билдирүүсүндө, жетекчилик кызматка кызыкдар болгондордун талапкерлигин каттоо быйылкы жылдын 4-октябрынан 13-октябрына чейин жүрүп, 10 талапкер катталды. Окуу жайдын окутуучулары тарабынан 4 талапкер сунушталса, калган алтоо өз каалоолору менен катышууда.

Талапкерлерди тандай турган шайлоочулардын тизмеси такталып бүтүп калды. Окуу жайда 700дөн ашык мугалим бар, анын ичинен 386 окутуучу гана шайлоого катыша алат. Башкача айтканда, профессордук окутуучулар курамы, административдик түзүмдөрдүн (колледждердин) жетекчилери катыша алат.

«Шайлоочулардын тизмеси такталып, 5 жерге тактайга илдик. Камтылбай калгандар бизге кайрылса болот, жүйөөлү болсо тизмеге киргизилет. Андай болсо шайлоочулардын тизмеси өзгөрүшү толук мүмкүн. Талапкерлердин барына бирдей мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат», - деди ал.

ЖАМУнун ректору кызматына окуу жайдан көрсөтүлгөндөр:

- А.Абдрашев — ЖАМУнун ректору, саясий илимдердин доктору, профессор;

абд рашев

- Беркутбай Дарбанов — Филология илимдеринин доктору, доцент;

28

- Кеңешбек Үсөнов — ЖАМУнун окуу иштери боюнча проректору, техника илимдеринин доктору, профессор;

усенов

- Эрнис Авазов — ЖАМУнун «Тарых» кафедрасынын башчысы, тарых илимдеринин кандидаты, доцент;

24

Өз каалоолору менен талапкерлигин койгондор:

- Матисаков Жумакадыр — Ош технологиялык университетинин «Информатика» кафедрасынын башчысы, техника илимдеринин кандидаты, доцент;

27

- Пакирдинов Рустам — Ош технологиялык университетинин «Энергетика» кафедрасынын башчысы, техника илимдеринин кандидаты, доцент;

23

- Иманкулов Муратбек — Кыргыз билим берүү академиясынын социалдык-гуманитардык дисциплиналар лабораториясынын башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент;

муратбек

- Карагозуева Гүлзада — Кыргыз билим берүү академиясынын педагогика, психология, социалдык-гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент;

26

- Кошбаев Алмазбек — ЖАМУнун «Электр менен камсыздоо» кафедрасынын доценти, техника илимдеринин кандидаты, доцент;

25

- Каримов Эркинбек — Ош технологиялык университетинин «Колдонмо механика» кафедрасынын башчысы, техника илимдеринин кандидаты, доцент.

ЖАМУнун алгачкы ректору болуп Улан Бримкулов дайындалса, андан кийин Бекболот Турсунбеков, Алыбаев Курманбек, Бөкөшов Жамгырбек, А.Аширалиев, Т.Кененсариев жетектеген. Акыркы 5 жылдан бери окуу жайды А.Абдрашев башкарды.

31

29

32

33

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×