Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Нарын

Элдик уламыш: Шабдандын кысымынан качкан эл Эмгек-Талаа айылын негиздеген (видео)

Turmush -  Нарын районундагы Эмгек-Талаа айылынын аталышын жергиликтүү молдо койгон. Айылдын таржымалы тууралуу айыл тургуну Аскарбек Абдрасулов аймактык кабарчыга айтып берди.

Аскарбек Абдрасуловдун айтуусу боюнча, Эмгек-Талаа айылынын тургундарынын түпкү теги Чүй облусунун Кемин районунан болот. Себеби 1900-жылдардын башында Чоң-Кеминден көчүп, Орто-Токой суу сактагычынын жанындагы Ак-Өлөң деген аймакка барып жайгашкан. Ал жактан 5-6 чакырым алыстыкка кетмен менен арык чаап, суу чыгарып, 3-4 жыл отурукташып жашап калышат.

«Ал кезде Шабдан хан болуп турган экен. Элди салык төлөөгө мажбурлаган. Бирок эл моюн толгоп, салык төлөөдөн баш тартып, Шабдан хандын каарына калып, Ат-Башы районуна келишкен. Андан соң Нарын районунун Куланак аймагына, Кочкор районунун Төлөк айылында отурукташкан. 1929-1930-жылдары азыркы Эмгек-Талаа айылына жайгашып калышкан. Эл жаңы келгенде бул өрөөндү эрмен, кекире сыяктуу өсүмдүктөр баскан ак топурактуу талаа экен. Жаңы келген эл жерди өздөштүрүп, эгин айдашыптыр.

Совет мезгилиндеги жер бөлүштүрүү учурунда ата-бабаларыбыз бул аймакты жери кенен, эгин сапырганга шамалдуу болгондуктан тандап алыптыр», - деди Абдрасулов.

Абдрасулов СССР учурунда Ак-Талаа өрөөнү колхоз болуп түзүлүп, ага ат коюу көйгөйү жаралганын айтты.

«Колхоздошуу мезгилинде Эмгек-Талаа өзүнчө колхоз болуп түзүлүп, ага ат коюу маселеси келип чыккан. Эл ага ат коюу маселесин талкуулап, Ак-Талаа деп атоону туура көрүшкөн. Бирок айылдагы Муса деген чоң молдо Эмгек-Талаа деген атты айтыптыр. Молдо "бул жер эмгекти талап кылган жер экен, эмгек кылбасак ачка калабыз" деп түшүндүргөн. Ошондон улам Эмгек-Талаа деп аталып калыптыр», - деди Абдрасулов.

Союз тарагандан кийин Эмгек-Талаа айыл өкмөтү болуп түзүлгөн.

Эмгек-Талаа айыл аймагы облустун борборунан 35 чакырым алыста жайгашып, 3274 адам жашайт. Эли дыйканчылык жана мал чарбачылык менен алектенет.

Видео:

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5930
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Элдик уламыштар
Учурда окулуп жатат
×