Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Элдик уламыш: Баур хандын кирген адам соо чыкпаган устаканасы жайгашкан Баул айылы (фото)

Turmush -  Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Баул айылынын тургуну Бекболот Латипов айылдын аталышы тууралуу уккан уламыштарын Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына айтып берди.

Б.Латиповдун айтымында, Баул айылы Баур деген хандын атынан аталып калган.

«Илгери Баур деген хан болгон. Ал Индияны басып алуу үчүн согуш ачат. Бирок ал согушта Баур хан жоокерлеринин аздыгынан улам жеңилип калуусуна көзү жетип, жоокерлери менен кошо качып жөнөйт. Куугунтукка алынган Баур хан жана анын жоокерлери узак жол жүрүп, качып отуруп, ушул жерге келет. Бул жерди аз да болсо коопсуз деп эсептеп, отурукташа башташат. Баур хан кийинки күнүн ойлогон, жети өлчөп, бир кескен адам болгон.

Ошентип күндөр өтө берет. Амалдуу Баур хан душмандарынан коргонуу үчүн даярдыктарды көрө баштайт. Атайын жоокерлердин аскерин түзүп, курал-жарактарды сактоочу жай, атайын курал-жарактарды жасоочу устакана да курдурат. Ал устакананы душман билип, көрүп калбасын деп адырдын ичин каздырып, жер төлөгө салдырган. Шалы (күрүч) эгүүчү жерлерди да кеңейткен. Шалы менен эл токчулукта жашаган.

Убакыттын өтүшү менен Баур хандын ээлеген жерлери көбөйө берген. Эл бул жерди Баур хандын аймагы деп атап алган. Ооздон-оозго өтүп отуруп, Баул хандын аймагы болуп аталып калган.

Учурда Баур хандын доорунда жасалган курал-жарак устаканасы, шалы талаалары, тиккен дарактары сакталуу. Баур хан тогуз түп дарак тиккени айтылат. Бирок ушул тапта ал дарактардын бирөө гана сакталып турат. Ал даракка беш адамдын кулачы жетет. Ал эми устаканасына эч ким кире албайт, себеби кирген адамдын өмүрү кыйылат же дүлөй болуп калат деген түшүнүктөр эл арасына кеңири тараган. Буга чейин бул жерге орус окумуштууларынан экөө кирип, алардын биринин сөөгү чыккан, бирөөсү болсо чыккандан кийин сүйлөй албай калган дешет. Ошондон кийин Баур хандын устаканасына жан кирбес болгон», - деди Б.Латипов.

Учурда жергиликтүү тургундар ал устакананы сүрөткө тартууга да даабайт. Баул айылында 400 кожолук бар. Жергиликтүүлөр картошка, жүгөрү эгүү менен киреше таап, тиричилик өткөрөт.

Айылды өзгөчө кооз жайлоолор курчап турат.

айыл

айыл1

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4831
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Элдик уламыштар
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу