Бөлүмдөр
Ишемби, 18-ноябрь
69.75    82.23    1.16    KZT 0.21
Баткен

Элдик уламыш: Самаркандек айылында ачарчылыктан өлгөн кемпирдин мүрзөсүнөн чыккан өрүктөр өсөт (фото)

Turmush -  Баткен районундагы Самаркандек айылынын аталышы кандек сортундагы өрүккө байланышкан уламыштан улам аталып калган. Аймактык кабарчыга айылдын тургуну Нурсултан Саттаров элеттин аталышы жөнүндөгү уламышты айтып берди.

«Илгери бул айылда Самара аттуу жалгыз бой аял жашаган. Ал өтө жакыр жашап, жегенге ашы жок калган учурлар да болгон. Кыйналып күн өткөргөн Самара апа ачкачылыктан кутулуунун жолун издеп, өзүнүн чакан чарбагына кандек деген өрүктүн көчөтүн тигип коёт. Жыл өтүп, өрүк мөмө байлайт. Өрүктүн мөмөсүн үнөмдөп, 4 мезгил тамактанып жүрүп, ден соолугу начарлап, ооруй баштайт.

Күндөрдүн биринде Самара апа катуу ооруп, төшөктө жатып калат. Ооруп жаткан учурунда да сакайып кетем деген үмүттө оозуна кандек өрүгүн салып жүргөн. Дарты оорлоп, алсыз абалда жатканда тамагына өрүктүн данеги тыгылып калып, бул дүйнө менен кош айтышат. Айылдаштары кайгыруу менен Самара апаны акыркы сапарга узатышат. Бирок эл анын тамагында кандек өрүгүнүн данеги тыгылып калганын билбейт. 

Арадан ай-жылдар өтүп, Самара апанын сөөгү коюлган жерден кандек өрүгү өсүп чыккан. Мындай көрүнүшкө эл таң калуу менен кандек өрүгүн "Самаранын кандеги" деп атап, өздөрүнүн короолоруна өстүрө башташкан. Ошондон улам ал аймак Самаранын кандеги деп айтылып отуруп, Самаркандек болуп аталып калган», - деди Н.Саттаров.

Самаркандек айылы мал чарбачылыгына ыңгайлуу. Бирок айылда сугат суу тартыш.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 9281
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Элдик уламыштар
Учурда окулуп жатат
×