Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-ноябрь
69.7    81.81    1.17    KZT 0.21
Нарын

Элдик уламыш: Кара алтынга бай райондун Жумгал деп аталып калуу баяны (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал району — туш тарабы тоолор менен курчалган өрөөн.

Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы иликтеп көргөндөй, топонимикалык илим менен чечмелесе Жумгал деген сөз монгол тилинен «узун», «сол же чыгыш суу куймасы» деп аталат.

Кээ бир тарыхчылар Жумгал деген термин «Жунгар» деген сөздөн келип чыккан дешсе, айрымдары Жунгар хандыгы ХVII кылымдын орто ченинде Эрдене баатыр, Контажы менен анын уулу Сенге дегендин тушунда аталган дешет.

Алардан бир кылым мурда «Жумгал» деген аталышты ХVI кылымда жашап өткөн Мухаммед Хайдар Дуулаттын «Тарих-и-Рашиди» деген китебинде эскерген деген тарыхчылар бар. Демек Жумгал деген ат бери болгондо эле ХVI кылымдарда эле белгилүү болгон.

Ал эми элдик санжырада Жумгал, Кочкор, Чолпон, Тастар деген бир туугандар калмактарга каршы күрөшкөн баатырлар болгон жана ал баатырлар эл-жер коргоп каза болгон. Андан улам Жумгал ата, Тастар ата жана башка ушул сыяктуу сыймыктуу ат кошулуп, эл эсинде жашап келе жатат, деп айтылат.

Учурда кара алтын жергеси деген атка конгон өрөөн 13 айыл өкмөткө бөлүнөт. Калкынын саны 46 миң адамдан ашык.

Жашоочулардын басымдуусу мал чарбасы жана дыйканчылык менен алектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5960
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Элдик уламыштар
Учурда окулуп жатат
×