Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-сентябрь
68.43    81.71    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Элдик уламыштар: Бугу, марал байырлап, тал аралап суу аккан Ат-Башыдагы Талды-Суу айылынын тарыхы (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Талды-Суу айылы кыштак катары 1932-жылы түптөлгөн. Аталган айыл райондун борборунан 38 чакырым, Балыкчы темир жолунан 258 чакырым алыстыкта жайгашкан. Климаттык шарты катаал келип, кыш мезгили толук 5 ай өкүм сүрөт. Кар калың түшкөн учурда кыш 6 айга чейин созулат.

Жергиликтүү тургундар негизинен мал чарбасы менен алектенет. Мындан тышкары картошка айдап, арпа эгип дыйканчылык кылат.

2014-жылдагы болжолдуу эсеп боюнча 1300гө жакын калк жашайт. Талды-Суу айыл өкмөтүнө үч айыл: Өзгөрүш, Талды-Суу жана 1-Май айылы кирет.

Айылдын Талды-Суу деп аталып калышы сууга байланышкан. Аксакалдардын айтымында, айылды аралап өткөн суунун айланасына жалаң тал өсүп турган.

Талды-Суу айылында Богошту деп аталган жер бар. Ал жер аркылуу өткөн кылымдарда айыл жергесиндеги жут маалында бугулар Ак-Сай тарапка ашуу ашып кетиптир. Алардын арты менен айыл тургундары да ашуу ашып, Ак-Сайга жетишкен экен. Ошондон улам ал жер Бугу ашты болуп айтылып жүрүп, кийин Богоштуга айланган. Богошту Туюк-Богошту жана Жол-Богошту деп экиге бөлүнөт. Жол-Богошту менен ашуу ашы, Ак-Сай тарапка өтүп кетсе болот.

Богоштуда мектеп, китепкана, спорт аянтчасы, ат майданы, ФАП жана маданий иш-чаралар өтүүчү маданият үйү бар. Айылдагы жергиликтүү калк негизинен черик уруусунан тарагандар.

Талды-Сууга тиешелүү Ашуу-Төр, Орто-Төр, Чоң-Төр жана Чотон-Төр деген жайлар бар.

Айтылуу Ак-Сайга Ашуу-Төр аркылуу атчан киши беш саатта жетет. Талды-Суу айылынын аймагына Большевиктен бери келе жатканда Сары-Тал, Босого, Ак-Сайдын кырына чейинки жерлер кирет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7862
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Элдик уламыштар
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу