Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-сентябрь
68.43    81.71    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Элдик уламыштар: Бай-манап, молдо, бий-болуштардын терс жоруктарын тартынбай ашкерелеген Куйручук олуянын ысымындагы Куйручук айылы (фото)

Turmush -  Жумгалдын Куйручук айылы СССР мезгилинде Кызыл-Туу, кийинчерээк Багышан аталып келген. Куйручук айылына куйкум сөзмөр, олуя, куудул, ырчы Кудайберген Өмүрзак уулунун ысымы берилген.

Маалыматтарга ылайык, учурда 630 түтүн, 3034 калкы бар Куйручук айылынын жашоочулары айыл чарбасы, соода-сатык, мал чарба менен алектенишет. Айылда 1 орто мектеп, 1 бала бакча, 1 ФАП жана 1 маданият үйү жана Куйручук олуянын тарыхый музейи орун алган.

Куйручук — Кудайберген Өмүрзак уулу энесинен эрте ажыраган. 14 жашынан байларга жалданып иштеп, турмуштун оордугун көп тарткан. Ошондуктан коомдогу жакшы менен жамандыкты, карама-каршылыктарды, келишпестиктерди эртерээк ажыратып, сергек кароого үйрөнгөн. Өз чөйрөсүндөгү бай-манап, молдо, бий-болуштардын терс кылык-жоруктарын эл алдында тартынбай ашкерелеген.

Анын «Бейиштеги үн», «Арбак», «Айып кимде», «Жалаа», «Манасым барда кайда болсо коном» жана башка жоруктары эл арасына кеңири белгилүү. Куйручук куудул гана эмес, төкмө акын да болгон. Кыргыздын оозеки чыгармаларын, улама сөздөрүн, санжырасын көп билген, кепке уста, ашкан чечен болгон дешет. Куйручуктун куудул сөздөрү бизге толук жеткен эмес. Бирок акылы, тамашакөӣлүгү жана куудулдугу менен эл арасында, тарыхта аты калган инсан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 8739
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Элдик уламыштар
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу