Бөлүмдөр
Ишемби, 23-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Талас

Элдик уламыш: Таластагы Наматбек айылында басмачылар жаш комсомолду өлтүрүп, канын агызышкан (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Наматбек айылынын аталышы басмачылар өлтүрүп, канын агызган комсомол кызматкеринин атынан коюлган.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, окуя 1927-1928-жылдары болгон. Аталган айылга Чүй тараптан жаш комсомол Канатбек Наматбеков келип, бирок мыкаачы басмачылардын колунан өлгөн. Аны басмачылар өлтүрүп, айылдан канын агызышкан. Ошол окуядан кийин айыл Наматбек айылы деп аталып калган.

Такталбаган маалыматтарга караганда, К.Наматбековдун туугандары Чүй боорунда жашайт.

Бүгүнкү күндө элетте 983 адам (158 түтүн) бар. Айыл облус борборунан 40 чакырым алыстыкта Талас Ала-Тоосунун этегиндеги бөлтөк тоолордун түбүнөн аккан Күмүштак өзөнүнүн жээгинде жайгашкан. Айылда мектеп жана спорт зал бар. Айыл түндүгүнөн Миң-Булак, батышынан Кыргызстан, чыгышынан Бакай-Ата айылдары менен чектешет. Айылда негизинен кезектас уруусу жашайт.

1861-жылы казылган Жаңы-Арык каналы бүгүнкү күндө да Наматбек жана Оро айыл өкмөтүнүн айдоо жерлерин сугат суусу менен камсыздап турат. Жергиликтүү эл дыйканчылык жана мал чарба менен алектенишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5885
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Элдик уламыштар
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу