Н.Карабаев Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, ал короосуна атайын короз багуучу жай куруп алган. Бүгүнкү күндө ал жалаң дакан породасындагы кыркка жакын корозду багууда. Алардын кээ бири Түркиядан, кээ бири Кытайдан алынып келген.
«Короздор атайын режим менен тамактанышат. Торчонун ичинде ар бир короз жалгыздан бөлүнүп багылат. Турган жери кургак жана таза болушу керек. Күн сайын кыктары тазаланат. Ошондой эле, короздорго дене көнүгүүлөрүн да жасатабыз. Бул короздор азырынча сатылбайт. Эрте жаздан тарта сатууга даяр болот. Ошондо ар бир корозду 40 миң сомго чейин сатабыз. Кардарлар Өзбекстандан, Ош жана Бишкек, Өзгөн шаарларынан издеп келишет. Айрымдары азыртадан эле келип, сатып алуучу короздорун энчилеп кетүүдө. Негизинен бул короздорду уруштуруу үчүн сатып алышат», - дейт Н.Карабаев.