Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Баткен облусу, Баткен 29.10.2015 12:26

Улуттук Илимдер Академиясынын академиги А.Раимжанов Баткен областынын «Ардактуу атуулу» наамына татыды (фото)

Turmush -  КРнын Улуттук Илимдер Академиясынын академиги, КРнын илимине эмгек сиңирген ишмер, медицина илимдеринин доктору, Кыргызстан элдердинин ассамблеясынын төрагасынын орун басары, Кыргызстан гематологдор ассоциациясынын президенти, Эл аралык «Рудаки» ассоциациясынын президиумунун мүчөсү Раимжанов Абдухалим Раимжанович Баткен областынын «Ардактуу атуулу» наамын алды.

Белгилей кетсек, А.Раимжанов 1943-жылы Кыргыз ССРинин Ош облусуна караштуу Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында туулган. Орто мектепти алтын медаль менен бүтүрүп, Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун дагы 1965-жылы артыкчылык диплому менен аяктаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×