Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Нарын облусу 28.09.2015 13:58

Ой-пикир: Таштанды салуучу жайлар салынды, - А.Сагыналы уулу, Ак-Талаа

Turmush -  Ак-Талаа районундагы Баетов айыл ичинде таштандыларды ар кайсы булуң-бурчка төгүп, көчөлөрүбүздүн көркүн кетирип келген болсок, эми мындан ары кадимки шаар жергесиндей эле таштандыларды атайын таштанды салуучу жайларга алып барып төгүү жагы жакшы ишке ашты.

Арийне, Германия кызматтыштыгынын финансылык колдоо уюмунун «Айыл демилгеси» коомдук бирикмесинин «Биз айылды биргелешип тазалайбыз» долбоорунун алкагында аталган айылдын 17 жерине пескоблоктон көтөрүлгөн, 2 бөлмөдөн турган таштанды таштоочу жайлар курулуп, жергиликтүү жашоочуларды кубантты. 2 бөлмөнүн бирине кунүмдүк үйдөн чыккан акыр-чикирлерди төгө турган болсо, 2-бөлмөсүнө желим целофан, бөтөлкө жана башка желим таштандыларды таштоого болот. Анткени, желим таштандыларды кайра иштетүүчү ишкана ачылары белгилүү.

Долбоордун алкагында демилгелүү топко жана айыл өкмөтүнө МТЗ үлгүсүндөгү айыл аймагындагы таштандыларды чогултуу үчүн трактор жана желимдерди майдалап кайра иштетүүчү аппараттар алынып келинди.

Долбоордун мындан ары туруктуу иштөөсү үчүн Баетов айыл өкмөтүнүн алдында «Таза Баетов» муниципалдык ишканасы түзүлүп, келечекте бул ишкана долбоордун максаттарын ишке ашыруу менен бирге, таштандыларды чогултууда элдин мүдөө-талабына ылайык төлөм акыларын иштеп чыкмакчы.

Жалпы бул ишке 3 млн 316 миң 170 сом сарптала турган болсо, анын ичинен 2 млн 987 миң 950 сому долбоордон каралып, ал эми айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинен жана жергиликтүү элдин салымынан 328 миң 220 сом каражат сарпталды.

Бул боюнча өткөн аптада ачылыш аземи белгиленип, ага аталган уюмдун өкүлдөрү, район бийлиги, жергигилктүү тургундар катышып, анын кызыл лентасы кесилген. Долбоорго өз салымын кошкон жана таштандылар боюнча дилбаяндарды жазып, сүрөттөрдү тарткан окуучуларга уюм тарабынан ар кандай сыйлыктар ыйгарылды. Ошону менен бирге таштандыларды иргеп төгүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

    Жазган: Адилет Сагыналы уулу, Ак-Талаа району

   Автордун стилистика менен грамматикасы сакталды

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×