Бөлүмдөр
Жума, 21-июнь
Нарын облусуАк-Талаа району 22.09.2015 12:23

Ой-пикир: Талааларды таза кармайбыз, - А.Сагыналы уулу, Ак-Талаа

Turmush -  СССР деген сүрдөөлөт өлкөнүн өз доору сүрүп, өкүмү жүрүп турган мезгилде, колхоз-совхоз деген система өз нугу менен агып жаткан кезинде, мал оорулары чыгып кетпеши жана жайыттарды таза кармоо, сактоо үчүн атайын мал өлүктөрүн таштоочу чуңкурлар курулуп, ал чуңкурларга өлгөн малдардын эт-сөөктөрү ташталып, үстүнө дары-дармектери себилип турчу эле дешет, ошол мезгилдин адамдары.

Ошол сүрдөөлөт империянын иши бүтүп, жогоруда белгиленген обьектилер ың-жыңсыз болуп, пайдалануудан, колдонуудан чыгып калган. Андан бери 23 жылдын жүзү болсо дагы, мындай обьектилерди кура койгон киши, ойлоп койгон адам болбой, мал өлүктөрү мал өлгөн жерде калып, көрүнгөн кокту-колот, сай жээктери мал сөөгүнө толуп калгандыгын айтпасак да белгилүү. Ооба, мал ооруп өлөбү, карышкыр жейби, кыскасы мал өлүктөрү сасып, сасыгандан өтүп саңырсып, иттер келип жулмалап, итин жакшы көргөндөр итин сылап келишкндиги жашыруун деле эмес. Ана оору кайдан чыкты?, мал догдурлар иштебейт десе, малчылар ийне сайдырбайт – деп бир-бирибиздин күнөөбүздү чукуп, чырдашып эле жатып калабыз.

Ырас, бул боюнча былтыркы жылы Ак-Талаа районунда бир топ иштер аткарылды. Жайыттарды таза кармоо, санитардык-гигиеналык талаптарды туура сактоо жана ар кандай мал оорулардын алдын алуу максатында Бириккен улуттар уюмунун аймактарды колдоо долбооруна сунушталган биотермикалык чуңкурларды куруу иштери бир катар айыл аймактарда аткарылды.

Алсак, Кош-Дөбө айылында 261 миң 350 сомго, Жаңы-Талап айылында 177 миң 132, Ак-Талда 335 миң 348, Ак-Кыяда 232 миң 738 сомго, Жаңы-Тилекте 177 миң 983 сомго курулуп бүтүп, айланасы тосмолонуп пайдаланууга берилсе, ал эми Кара-Бүргөн айылында учурда биотермикалык чуңкурду куруу иштери жүрүп жатат.

Photo0275

Арийне, курулчу обьектилер курулду. «Туулганына эмес, тураарына сүйүн», деп коёт эмеспи даанышман кыргыз эли. Анын сыңарындай, «коюлганына эмес, колдонулаарына сүйүн», деп жанытма кылсак. Эми ушул жарым миллионго чукул каражаттарга курулган обьектилерди канчалык деңгээлде колдоно алабыз? же курулду, бүттү деген озуйпа менен калып калбай, ушуларды туура колдоно, пайдалана билсек экен. Ал үчүн жайыт комитеттери, ветеринардык адистер жана айыл өкмөт башчылары малчыларга, элге туура түшүндүрүп, малың өлсө талаага алып барып таштабай, атайын күрүлган чуңкурга келип салуусун айтып, болбой эле өз билгенин жасап, ай-талаага таштаган айрым бир адамдарга айып пулун салып, кыскасын айтканда максаттуу колдоно алууга бар жөндөмдү жасап, аракет кылышыбыз керектир.

_DSC0309

                                                                                                                              Жазган: Адилет Сагыналы уулу
                                                                                                                                                          Ак-Талаа району

                                                                                                                             Автордун стилистика менен грамматикасы сакталды

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×