Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Нарын облусуНарын району 01.04.2015 18:06

Нарын районунун жергиликтүү бюджетине Жогорку Нарын ГЭСи тарабынан 15 млн сом салык төлөнгөн, - РусГидро

Turmush -  Мындай маалымат Нарын районунун 2017-жылга чейинки өнүгүү программасында белгиленген.

Андагы маалымат боюнча, акыркы 1,5 жыл аралыгында Жогорку Нарын ГЭСи тарабынан райондун жергиликтүү бюджетине 15 млн сом салык төлөнгөн.

Нарын районунун 2017-жылга чейинки өнүгүү программасында 182 млн сомдон ашык инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу пландалган. Бул багытта райондо ар кандай булактардын эсебинен жергиликтүү маанидеги инвестициялык долбоорлор боюнча 164 млн сомдон ашык ар кандай жумуштар аткарылган.
Эске салсак, аталган райондун аймагында улуттук 3 долбоор ишке ашырылууда. Алар Жогорку ГЭСтердин каскаддарынын курулушу, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолу жана Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо иштери.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×